Кыргызстан мыйзамдуу алмаз рыногуна чыкты

12.11.2021, 17:43 None
Кыргызстан мыйзамдуу алмаз рыногуна чыкты

Кыргызстан, Катар жана Мозамбик алмаз жана жылмаланган алмаз соодасынын эл аралык рыногуна расмий түрдө киришти — алар 12-ноябрдан тарта Кимберли процессине мүчө болоору күтүлүүдө, деп жазды Орусиянын каржы министринин орун басары Алексей Моисеевге шилтеме берүү менен 1prime.ru. Басылма Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин Кимберли процессине кириши боюнча чечим уюмдун Москвадагы пленардык жыйынында жума күнү кабыл алынарын кабарлады.

"Бул өлкөлөр процесске азырынча катыша электиги таң калыштуу. Анткени, мисалы, Мозамбик алмаздын олуттуу кендери бар өлкө, Катар менен Кыргызстан алмазды кайра иштетүү, алмаз соодасы жана зергерчилик өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр", - деди Моисеев.

Ал түшүндүргөндөй, бул өлкөлөрдүн бизнеси үчүн бул бриллианттарды эл аралык базарларда мыйзамдуу түрдө сатуу мүмкүнчүлүгүн билдирет.

Уюмдун мүчөлөрү таштардын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктаган эл аралык деңгээлде таанылган сертификаттарды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай тастыктамалардын жоктугу алмаз рыногунда ишти бир топ кыйындатат, анткени бир дагы ири компания алмазды мындай ырастоосуз сатып албайт.

Кимберли процесси 80ден ашык өлкөнү бириктирип жатканын кошумчалайбыз. Уюм 2000-жылы негизделген жана Түштүк Африканын Кимберли шаарынын атынан аталган.

Тэги: Кыргызстан экономика алмазный рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу