Кыргызстан Covid-19 сертификаттарын өз ара таануу демилгесин көтөрдү

20.02.2022, 11:55 Акчабар
Кыргызстан Covid-19 сертификаттарын өз ара таануу демилгесин көтөрдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынынын алкагында Кыргызстандын Ковид-19га каршы эмдөө сертификаттарын өз ара таануу боюнча демилге сунушу каралды.

Сөз интеграциялык бирикмеге кирген мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүдө документти таануу жөнүндө болуп жатат.

"Жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерде өз ара таанылган документтердин тизмесин даярдоо тапшырылды", - деп билдиришти министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан. 

Кошумчалай кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында өттү.

Тэги: COVID-19 сертификаты ЕАЭС ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу