Кыргызстан 10 жыл аралыгында сырткы кредиторлорго 1.13 млрд $ төлөп берген

25.06.2021, 12:15 Акчабар
Кыргызстан 10 жыл аралыгында сырткы кредиторлорго 1.13 млрд $ төлөп берген

Он жарым жыл аралыгында Кыргызстан сырткы кредиторлорго 95 млрд 928.8 млн сом, же 1.13 млрд $ (азыркы курс менен) төлөп берген. Мындай маалыматтар экономика жана каржы министрлигинен белгилүү болду.

2010-жылдан тарта сырткы карыздарды тейлөөнүн чыгашалары 5.9 эсе өскөн. Эгерде 2010-жылы Кыргызстан сырткы карыздардан кутулууга 2 млдр 715 миң сом жолдосо, 2020-жылы 16 млрд сомдон ашык акча жумшалган.

Сырткы карыздарды тейлөөгө багытталган каражаттардын 32 млдр 420.2 млн сому, же 382 млн 934.4 миң $ карыздардын пайызы. Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджетинин жылдык кирешесинин бештен бир бөлүгү.

Тэги: госдолг Кыргызстан деньги бюджет экономика кредиторы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу