Кыргызстандан үч айда 19,3 млн сомго чийки тамеки экспорттолду

01.06.2022, 11:23 Акчабар
Кыргызстандан үч айда 19,3 млн сомго чийки тамеки экспорттолду

Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстандан 19 миллион 311,9 миң сомго 270,8 тонна чийки тамеки экспорттолду. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта эң көп жеткирүү Орусияга болгон – 232 тонна 8 млн 746,7 миң сомго. Болгарияга болгону 20 тонна, бирок 4 миллион 922,2 миң сомго, Италияга 18,8 тонна 5 миллион 573 миң сомго жеткирилген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл Казакстанга чийки тамекинин экспорту токтоп калган. Өткөн жылдын отчёттук мезгилинде коңшулаш республикага товардын азыноолак партиясы жөнөтүлгөн.

Тэги: табак табачное сырье экспорт Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу