Кыргызстан 164 мамлекет менен дипломатиялык алакада

10.03.2020, 14:30 Акчабар
Кыргызстан 164 мамлекет менен дипломатиялык алакада

2019-жылы Кыргызстан Гренада, Мозамбик, Кирибати, Науру сындуу 8 жаңы өлкө менен дипломатиялык мамиле түздү. Жалпысынан азыркы учурда Кыргызстан 164 мамлекет менен дипломатиялык алакада. Бул тууралуу министр Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Отчеттук мезгил аралыгында чет өлкөлөрдөгү консулдук кызматтын географиялык алкагы да кыйла кеңейтилгени белгилүү болду. «Өткөн жылы 87 миң консулдук кеп-кеңештер берилген, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Ошондой эле, Россиянын Новосибирск шаарында консулдук кызмат ачылды. Азыр ушундай кызматтарды Якутск, Иркутск, Сахалин шаарларында да ачуу пландаштырылууда», - деди тышкы иштер министри.

Андан тышкары, санариптештирүү жылынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип 38 консулдук жай автоматташтырылган маалымат тутуму менен жабдылды.

Тэги: Кыргызстан дипломатиялык алака

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу