Кыргызстан менен БАЭ соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө ниеттенүүдө

02.06.2022, 11:25 Акчабар
Кыргызстан менен БАЭ соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө ниеттенүүдө

Бийлик жакынкы жылдары Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы 3-4 эсеге көбөйтүүнү болжолдоп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн БАЭнин экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүү дээрли 70 миллион долларды түзгөн.

“Бул, албетте, жакшы динамика, бирок көрсөткүчтөрдү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Министерлер Кабинетинин Төрагасы биргелешкен Кыргыз-Эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүүнү, БАЭнин Стандарттар боюнча лабороториялык борборун Кыргызстанда уюштуруу, мындан сырткары жогорудагы демилгелерди ишке ашыруу максатында Инвестиция борборун ачуу боюнча сунуштарын айтты.

Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри жогорку деңгээлде тосуп алып, меймандостукту көрсөтүп жаткан кынгыз элине ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан менен сунушталып жаткан долбоорлор үстүндө иштешүүгө кызыктардыгын билдирди.

“Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн куралган 40 адамдан турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыктарбыз. Сиз тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз”, - деди министр Абдулла бин Таук Аль Марри. 

Жолугушунун жүрүшүндө Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министри Кыргыз-Эмират Өкмөттөр аралык Комиссиянын 2-отурумун, ишкерлер кеңешинин жыйынын ушул жылдын аягына чейин биргеликте өткөрүүнү колдой турганын билдирди. Мындан сырткары Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады. 

Тэги: ОАЭ товарооборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу