Соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарына өлкөнүн президенттигине талапкерлигин коюуга тыюу салынышы мүмкүн. Ички иштер министрлиги “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
[news 32246]
Мекеме лидер, уюшкан топтун мүчөсү жана (же) кылмыштуу уюм катары каттоодо турган адамдарды шайлоого талапкер катары катышууга тыюу салууга чакырат.
Сунушталып жаткан документке ылайык, уюшкан топтордун жана (же) кылмыштуу уюмдардын курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, анын ичинде алынып салынган же жокко чыгарылган адам президент болуп шайлана албайт.