42.4% насыя 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө берилген. Насыяга берилген жалпы сумма 142.2 млрд. сомдон ашат. Бул тууралуу КР Улуттук банкы билдирет.
Экинчи орунда үч жылдан ашык убакытка берилген насыянын өлчөмү – 58 млрд. сомду түзөт. 6 айдан 12 айга 14.4 млрд. сом, 3 – 6 айга – 3.7 млрд. сом, 1-3 айга – 1 млрд. сом, бир ай убакытка берилген насыянын суммасы – 2.2 млрд. сомду түзөт.
Убагында төлөнө элек насыялардын суммасы – 2.6 млрд. сомго жеткен.