Кыргызстандыктар Казакстанга ал жактан түшкөн акчадан беш эсе аз каражат жөнөтүшкөн

09.07.2021, 10:40 Акчабар
Кыргызстандыктар Казакстанга ал жактан түшкөн акчадан беш эсе аз каражат жөнөтүшкөн

Ушул жылдын беш айында, Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, кыргызстандыктар коңшу өлкөгө акча которуу тутуму аркылуу 31,8 миллион доллар (13,7 миллиард теңге) жөнөткөн. Бул республикага Казакстандан түшкөн каражаттан дээрлик беш эсе аз (142,6 миллион доллар).

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандан коңшу республикага акча которуулардын олуттуу көлөмү келип түшсө дагы, лидер эмес. Биринчи орун Орусияга таандык, анын жашоочулары январдан майга чейин Казакстанга 54,5 миллион доллар (23,5 миллиард теңге) жөнөткөн. Андан кийин Өзбекстан жана Түштүк Корея турат - 43,2 миллион доллар (18,6 миллиард теңге) жана 39,7 миллион доллар (17,1 миллиард теңге).

Ошентип, Кыргызстан төртүнчү орунда гана турат, андан кийин АКШ, ал жактан казакстандыктар 28,3 миллион доллар (12,2 миллиард теңге) алган.

Тэги: денежные переводы деньги Казахстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу