2021-жылдын сегиз айында “Түндүкэлектр” ААКтын абоненттери дээрлик 4 миллиард киловатт-саат электр энергиясын керектешкен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу керектөө мамлекеттик пландан (3,6 миллиард кВт/саат) 365,1 миллион кВт/саатка көп болгон. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын ушул мезгилине “Түндүкэлектр” ААК 3,6 млрд кВт.саат электр энергиясын колдонгон.
Керектөөнүн эң чоң өсүшү Бишкек шаарында 1,8 млрд кВт/саат, өсүш - 10,77%, Чүй облусунда 1,9 млрд кВт/саат, өсүш - 10%, Талас облусунда 286,9 млн кВт/саат (өсүш - 6,7%) болгон.
Суунун аздыгына жана кубаттуулуктун күтүлүп жаткан тартыштыгына байланыштуу “Түндүкэлектр” ААК бардык абоненттерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.