Тышкы карызды жабуу үчүн элден 31,5 млн сом чогултулду

26.08.2021, 15:54 Акчабар
Тышкы карызды жабуу үчүн элден 31,5 млн сом чогултулду

Өткөн жылдын аягында жаңы өкмөт бюджеттин кескин тартыштыгын жарыялаган. Анын алкагында алар жарандардан жардам сурап кайрылышкан. Ошол убакта тышкы карызды жабуу үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук кылууга Каржы министрлигинде депозиттик эсеп ачылган. 

Бүгүнкү күнгө чейин эсепке 31 миллион 514 миң сом чогулду. Ал 2020-жылы түшкөн каражаттардын калдыгынан түзүлгөн (1 миллион 29 миң сом), калган каражатты жарандар ушул жылы которушкан.

Жалпысынан, январдан майга чейин, (акыркы которуу ошол убакта болгон) эсепке 30,5 миллион сом түшкөн. Эң чоң төлөмдөр 16,9 млн сом жана 10 млн сом суммасында эки транш менен которулган.

 

Тэги: деньги внешний долг Кыргызстан депозитный счет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу