2019 - жылы кыргызстандыктар ата мекенине 2.4 млрд $ которгон

11.02.2020, 15:13 Акчабар
2019 - жылы кыргызстандыктар ата мекенине 2.4 млрд $ которгон

2019 - жылдын жыйынтыгы менен кыргызстандыктар ата мекенине 2 млрд 407 млн доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

2019 - жылдын декабрь айында мигранттардан 214.9 млн доллар которулган. Бул ноябрь айына салыштырмалуу 23.6 млн долларга (2019 - жылдын ноябрь айында 191.3 млн доллар которулган) көп болгон. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү Россиядан - 22.1 миң доллар, Казакстандан - 22 миң доллар, алыскы чет өлкөдөн - 1.3 млн доллар которулган. 

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Россиядан бир айда   150 миң рублга чейин акча которо алышат. Бул тууралуу өткөн жылдын 19 - декабрында өкмөттөн билдиришкен. 

2019 - жылдын жыйынтыгы менен, Кыргызстанга которулган каражаттын суммасы 2018 - жылга салыштырмалуу 278.4 млн долларга (2018 - жылы 2 млрд 685.4 млн доллар которулган) аз болгон.

 

 

Тэги: денежные переводы Кыргызстан Россия экономика мигранты деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу