Кыргызстандыктар 9 ай ичинде чет өлкөгө 383 млн $ которушкан

04.12.2019, 10:38 Акчабар
Кыргызстандыктар 9 ай ичинде чет өлкөгө 383 млн $ которушкан

2019-жылдын акыркы 9 айында кыргызстандыктар чет жерге, өткөн жылга салыштырмалуу 1.36% (5.3 млн $) аз каражат которушкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

2019-жылдын январь-сентябрь айларында кыргызстандыктар nelik, Blizko, Contact, Migom, MoneyGram, Western Union, Unistream, «Золотая корона», «Лидер», «Быстрая почта», «Аллюр», ГП «Кыргызпочтасы» акча которуу системасы аркылуу чет жерге 383 млн $ которушкан. Которулган каражаттын көпчүлүк бөлүгү, т.а. 90.3% же 345.8 млн $ - Орусияга которулган. 

Казакстанда КР жарандары бул убакыт аралыгында 300 миң $,  ал эми КМШ өлкөлөрүнө - 900 миң $ которушкан. 

Алыскы чет өлкөгө кыргызстандыктар 2.5 млн $, анын ичинен Германияга - 600 миң $, АКШга - 100 миң $ которушкан. 

Тэги: денежные переводы Кыргызстан СНГ Россия США деньги отток экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу