Кыргызстандыктар электр энергиясын былтыркыга караганда аз керектеди. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, керектөө ноябрь айында 1 млрд 667 млн кВт/саатты түздү.
Ведомствонун маалыматына ылайык, 2020-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 1 млрд 716 млн кВт/саатты түзгөн.
"Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 49 млн 300 миң кВт саатка көп", - деп айтылат маалыматта.
Энергетиктер быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аз топтолушуна байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу өтүнүп келет.