Кыргызстанда 100 миң сомго чейинки насыя алган 673 миңден ашык жаран үстөк пайызынан бошотулат

05.01.2021, 14:26 Акчабар
Кыргызстанда 100 миң сомго чейинки насыя алган 673 миңден ашык жаран үстөк пайызынан бошотулат

Кыргызстанда 100 миң сомго чейинки насыя алган 673 миңден ашык жаран үстөк пайызынан бошотулат. Бул тууралуу брифинг учурунда финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

Анын айтымында, финансы-кредиттик мекемелеринен насыя алган жана пандемиядан улам оор абалга кабылган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

"Токтомго ылайык, финансы-кредиттик мекемелеринен 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейинки өлчөмдө насыя алган жарандар насыянын үстөк пайызынан бошотулат. Ал 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейинки аралыкты камтыйт. Ал эми бир нече жерден насыя алгандар бирөөсүн тандоосу керек. 100 миң сомго чейинки берилген насыяларды туруктуу кирешеси жок жарандар алган. Алдын ала маалыматтар боюнча 673 миңден ашык жаран үстөк пайыздан бошотулат. Аны үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд 253 млн сом каралган", - дейт ал.

Азимов эмне себептен 100 миң сомго чейинки насыя алган жарандар үстөк пайызынан бошотуларын түшүндүрдү.

"Анткени 100 миң сомдон ашык алынган насыялар ишкердик субъекттилер болуп саналат. Ишкердик субъектилерди колдоо боюнча 2020-жылдын 9-июнунда башка токтом кабыл алынган. Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилген.Бүгүнкү күнгө карата 2 миң 874 ишкерге жалпы суммасы 3,5 млрд сомго насыя берилген", - деп белгиледи Азимов.

Финансы министринин орун басары Улуттук банк менен 248 финансы-кредиттик мекеме менен келишим түзүү иштери жүрүп жатканын айтат.

Тэги: насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу