Кыргызстанда 201,7 миң салык төлөөчү декларациясын тапшырды

23.03.2022, 14:14 Акчабар
Кыргызстанда 201,7 миң салык төлөөчү декларациясын тапшырды

Бүгүн, 23-мартына карата 201 миң 724 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды, анын ичинен 153 миң 930 – электрондук түрдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тапшыргандардын ичинен 49 миң 333 юридикалык жак, 72 миң 951 жеке ишкер, 37 миң 527 жеке жак, 9276 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 32 миң 637 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү. Алардан тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү

Тэги: Бирдиктүү салык декларация юридикалык жак Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу