Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

28.02.2023, 13:13 Акчабар
Кыргызстанда Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда биринчи жолу Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Дизайнерлер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясынын курамына “Тумар”, “Накта”, “Элдик көркөм кол өнөрчүлөр союзу”, “Кыргыз стили”, “Алтын кол Нарын” жана башка ири бирикмелер кирет. Алардын баары чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштешет. 

"Улуттук сувенирлерди расмий жолугушууларда көп беребиз. Биз калпак, чапан жана башка сувенирлердин сапатын жана дизайнын жакшыртышыбыз керек. Эң жогорку сапат жана дизайн керек. Биз кол өнөрчүлөрүбүздүн товарларын илгерилетүүгө гана жардам бербестен, алардын кесиптик кызыкчылыктарын, анын ичинде эл аралык базарда да коргоо максатында Дизайнер жана кол өнөрчүлөр ассоциациясын түздүк”, - деди Темир Сариев. 

Ал эми ассоциациянын мүчөсү Нургүл Артыкбаева буга чейин кол өнөрчүлөрдүн көйгөйлөрүнө бир дагы мамлекеттик орган кызыкпаганын айтып, жергиликтүү буюмдар эл аралык базарга сапатсыз чыгып жатканын билдирди.

"Кээ бир кол өнөрчүлүк цехтери улуттук сувенирлерибизди, кийим-кечелерибизди чыгарышат. Сапатсыз чыгарып, арзан саткан учурлар арбын болууда. Биз Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп, сапатсыз товарларды чыгарбашыбыз керек”, - дейт ал. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу