Кыргызстанда эң жогорку айлыкты кимдер алат?

03.11.2022, 11:20 Акчабар
Кыргызстанда эң жогорку айлыкты кимдер алат?

Былтыр, 2021-жылы орточо эң жогорку айлык акыны каржы тармагы, кайра иштетүү өнөр жайы, маалымат жана байланыш тармагында иштеген кызматкерлер алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендердин орточо айлык маянасы 36 миң 245 сомду, ал эми кайра иштетүү өнөр жайы, маалымат жана байланыш тармагында иштегендердин орточо айлык акысы 35 миң сомго жакын болгон.

Булардан кийин тоо-кен тармагы, электр энергиясы, газ жана ушул сыяктуу тармактарда эмгектенгендердин айлыгы 30 миң сомдон ашары белгиленген.

Эмгек акынын эң төмөнкү деңгээли мурдагы жылдардагыдай эле искусство, оюн-зоок жана эс алуу (9.5 миң сом), айыл чарба (10.3 миң сом), ошондой эле саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан тейлөө (10.7 миң сом) тармагынын кызматкерлеринде катталган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу