Коңшу Кытай жана Казакстанда 28-ноябрга караган түнү жер титиреп, анын силкиниши Ош жана Талас облустарынын аймагында да сезилди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, түнкү саат 01:58де Кытайдын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал Ош облусунун Алай районунун Эркеч-Там, Нура айылдарында 4,5 балл, Терек, Кан-Коргон айылдарында 4 балл, Көлдүк айылында 3 баллга чейин сезилди.
Ушул эле күнү саат 02:34 Казакстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын күчү 3,5 баллга чейин Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар жана Көк-Сай айылдарында сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.