Өлкөдө катталган 412 күрөөкананын үчтөн экиси мыйзам бузуу менен иштеп жатат. Күрөөканалар дагы эле минималдуу капиталдык талаптарды аткара элек. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органы билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 15-ноябрга карата Кыргызстан боюнча 131 гана күрөөкана уставдык капиталын эң аз талап кылынган 1 миллион сомго чейин көбөйткөн.
Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин капиталды 1 миллион сомго чейин көбөйтүү боюнча токтому 2022-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Токтом 1-июлдан тарта күчүнө кирген.
Эске салсак, күрөөканаларга уставдык капиталга керектүү каражатты табууга бир жума убакыт берилген.