Кыргызстанда «Оптима Банктын» кызматтары калыбына келтирилди

07.01.2022, 12:28 Акчабар
Кыргызстанда «Оптима Банктын» кызматтары калыбына келтирилди

Урматтуу кардарлар!

Колдооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирип, магистралдык каналдын иши калыбына келтирилгендигин билдиребиз.

Optima24 интернет-банкингиндеги бардык операциялар иштейт, атап айтканда:

  • Карта которуулар;
  • Кызматтык төлөмдөр;
  • “Оптима Банк” тармагынын банкоматтарынын, POS-терминалдарынын жана төлөм терминалдарынын иши, карттар менен интернет аркылуу төлөмдөр калыбына келтирилди;
  • MIR жана Элкарт карталарын тейлөө калыбына келтирилди;
  • Банктын жана агенттердин төлөм терминалдарында карталарды толтуруу кадимки режимде иштейт;

Биздин Банктын жеке жактарынын VISA карталарынан 100 миң сомго чейинки накталай акчаны үчүнчү тараптын банктарынын банкоматтарынан комиссиясыз алуу чексиз күчүндө.

Биздин Банктын Элкарт картасынан башка адамдардын банкоматтарынан накталай акча алуу – комиссиясыз жана чектөөсүз.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз. Сабырдуулугуңуз жана түшүнгөнүңүз үчүн рахмат!

Биз учурдагы кырдаалды эске алдык жана интернет-провайдер менен биргеликте келечекте мындай кемчиликтерди болтурбоо үчүн чараларды иштеп чыгуудабыз.

Оптима Банкты тандаганыңыз үчүн рахмат!

Тэги: Карта которуулар Кызматтык төлөмдөр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу