Кыргызстанда орточо айлык 25 миң сомду түздү

11.11.2022, 13:31 Акчабар
Кыргызстанда орточо айлык 25 миң сомду түздү

Быйыл тогуз айда орточо айлык акы 25 миң 27 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,9%га өстү.

Кошумчалай кетсек, эмгек акынын өсүшү эң көп искусство, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо тармактарында байкалган. Ошондой эле, тоо-кен, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо тармагында иштегендердин да эмгек акысы көтөрүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу