Кыргызстандыктар киреше азайгандан улам каражат жыйноону кыскартат - ЕАӨБ

21.07.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстандыктар киреше азайгандан улам каражат жыйноону кыскартат - ЕАӨБ

2020-жылдын апрель айынын жыйынтыктары боюнча, Кыргызстандагы банк ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү иш алып баруудагы чектөөлөрдөн улам начарлады. Каралып жаткан убакыт ичинде коммерциялык банктар тарабынан берилип жаткан займдардын көлөмү жылга салыштырмалуу 60.3 пайызга кыскарган, жана мындай төмөндөө дээрлик баардык тармпактарда байкалган.  Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын отчетунда айтылат.

Эң чоң төмөндөө айыл-чарба тармагында (минус 17.1 пайыз), соода тармагында (минус 14.1) жана керектөөчү тармагында (минус 12.1 пайыз) байкалган.

«Өкмөттүн льготалык каржылоо программасын ишке киргизүү насыялык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт»,-деп белгилешет ЕАӨБнын серепчилери.

 

Ошондой эле, апрель айында тартылган депозиттердин  көлөмү дагы жылга салыштырмалуу 40.1 пайызга кыскарган, анын ичинде улуттук валютада 23.1 пайызга, ал эми чет элдик валютада 60.7 пайызга кыскарган.

«Физикалык, юридикалык жаткар дагы былтыркы жылдын окшош мезгилине салыштырмалуу банктарга аз көлөмдөгү салымдарды жасашты. Реалдуу акчалай киреше булактарынын төмөндөөсүн эске алуу менен, калк жаңы каражат чогултууга көп барбай тургандыгын айтууга болот»,-деп белгилешет банктан.

 

Тэги: ЕАӨБ каражат чогултуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу