Кыргызстанга келген чет өлкөлүк түз инвестиция 4%га көтөрүлдү

10.03.2023, 17:01 Акчабар
Кыргызстанга келген чет өлкөлүк түз инвестиция 4%га көтөрүлдү

Былтыр 2022-жылы чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 4%га өсүп, 1046,1 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык кызматы билдирди. 

Мында түз инвестициялардын көлөмү чет өлкөгө салынган инвестициянын деңгээлинен 290,8 млн долларга ашты. 

“Чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү (95%дан ашыгы) тоо-кен ишканаларына, кайра иштетүү өнөр жайларына, финансылык ортомчулукка жана камсыздандырууга, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган”, - деп айтылат маалыматта. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 8,4%га өскөн. Бул негизинен алардын Кореядан - 18,1 эсеге, Кувейттен - 15,4 эсеге, Япониядан - 11, 1 эсеге, Бириккен Араб Эмираттарынан - 5,0 эсе, Германия - 2,6 эсе жана Түркия - 1,4 эсе  өскөндүгү менен байланыштуу. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу