Ишкер аялдар бизнести өнүктүрүү үчүн 2,8 млн сом колдоо алышты

12.04.2023, 13:54 Акчабар
Ишкер аялдар бизнести өнүктүрүү үчүн 2,8 млн сом колдоо алышты

Өлкөдөгү билим берүү стартаптарын өнүктүрүү үчүн үч аймактагы ишкер аялдар 2,8 миллион сом алышты. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каражат бала бакчалар жана билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга жумшалат. Бул стартаптар АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан колдоого алынууда.

Программанын алкагында 62 ишкер лицензия алуу жана мындай ишканаларды башкаруу камтылган үч айлык окуу курсунан өтүштү. Тренингден кийин катышуучулар өз идеяларын атайын түзүлгөн коллегияга сунуштап, 11 мыкты бизнес-пландар гранттар менен сыйланды.

Программанын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн бала бакчалары жана билим берүү борборлору ачылгандан кийин да колдоо ала беришет.

Бул демилге жеке секторду жана жергиликтүү өнүгүүнү колдоо аркылуу инклюзивдик экономикалык өсүүгө көмөктөшүүчү USAID менен Ага Хан Фондунун биргелешкен жергиликтүү трансформация долбоорунун бир бөлүгү.

Тэги: экономика новости Кыргызстана USAID лжепредпринимательство поддержка бизнес-сообщества женское предпринимательство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу