Кытай берген гранттын эсебинен Бишкектеги 60 көчө оңдолот

16.09.2020, 09:30 Акчабар
Кытай берген гранттын эсебинен Бишкектеги 60 көчө оңдолот

Кытай грантынын алкагында Бишкектеги 60 көчө оңдолот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаанын курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Уланбек Азыгалиев долбоорду башкаруу боюнча кытай компаниясынын директору Ма Джикианг, Кыргызстандагы China Road & Bridges Corporation корпорациясынын долбоор менеджери Чжан Синь жана техникалык менеджер Зияд Аль Сераван менен жолукту.


Жолугушуунун алкагында КЭР грантынын экинчи фазасы боюнча «Көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорун баштоо талкууланып, кытай компаниясы жана капиталдык курулуш башкармалыгынын ортосундагы контракттык келишимге түзөтүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

 

«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул убакыт ичинде Бишкекте 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 километр 60 көчөнү оңдоо пландалууда.Тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилип, кайрадан курулат, ошондой эле тротуар жана ирригациялык түйүндөр салынат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт», - деп айтылат билдирүүдө.

 



Вице-мэр кызматтарга кыска мөөнөттүн ичинде келишимдин ар бир пунктун карап чыгууну, Бишкек шаарынын мэриясы жана КЭРдин коммерция министрлигинин ортосундагы протоколдорду жана башка бардык маселелерди мыйзамдын негизинде чечүүнү тапшырды.

Тараптар келишимге кол коюуга жана курулуш иштерин баштоого даяр экенин билдиришти.

Эскерте кетсек, жайында мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы калаанын 60 көчөсүндө оңдоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тендер жарыялап, жыйынтыгында Сhina Road and Bridge Corporation подрядчы компаниясы аныкталган.

Сhina Road and Bridge Corporation кытай компаниясы бул тармакта тажрыйбасы бар. Алар Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 95 км жолду, 7 көпүрөнү куруп, 23 көчөнүн жол катмарын калыбына келтирген.

Тэги: Кытай грант көчө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу