Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.
Гуманитардык жардамды КЭР Кызыл-Суу автономдук облусунун губернатору Ван Шин Ганг 25-март күнү, «Торугарт» өткөрүү пункту аркылуу жиберген.
Кытай медицина кызматкерлерине 10 миң распиратордук беткап, 100 миң бир түрдүү беткап, 1 миң жеке коргонуучу каражаттарды жөнөткөн. Андан сырткары, КЭР Кыргызстандагы элчилигине 10 миң беткап жиберилген.