Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

22.01.2021, 12:20 Акчабар
Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасында окуу боюнча конкурс жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

 

Маалыматка ылайык, 2006-жылдын 15-июнунда Шанхай шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун жана 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган  Кыргызстан менен Кытайдын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун негизинде, Кытай билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын жарандарына 2021-2022-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы боюнча 18 мамлекеттик стипендия бөлүндү.

Бакалавр жана кытай тил такшалмасы программалырына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;

2. Паспортунун көчүрмөсү (2022-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек );

3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн орто билим жөнүндө аттестаты же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;

4. Кытай же англис тилинде study plan, 200 сөздөн кем эмес.

5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган күбөлүгү (HSK) , сөзсүз түрдө 3 деңгээлден төмөн болбошу керек;

6. Окуу жайы тарабынан берилген эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);

7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);

8. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);

9. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;

10. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Магистратура жана докторантура программаларына катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

1. Англис жана орус тилдеринде актуалдуу резюме;

2. Паспортунун көчүрмөсү (2022-жылдын 1-мартына жарактуу болушу керек);

3. Англис тилине которулган жана нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн диплому же окууда жетишкендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;

4. Кытай же англис тилиндеги изилдоо планы(research proposal), магистранттар үчүн - 500 сөздон кем эмес, докторанттар үчүн - кеминде 800 сөздон кем эмес болушу зарыл.

5. Кытай тилин билүү деңгээлин тастыктаган (HSK) күбөлүгү (сөзсүз түрдө 5 деңгээлден төмөн болбошу керек);

6. Окуу жайы же жумушу тарабынан эки сунуш кат (англис же кытай тилдеринде);

7. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк (сөзсүз түрдө эмес);

8. Талапкердин жетишкендиктери жөнүндө күбөлүктөрдүн, илимий басылмалардын, дипломдордун, ардак грамоталардын, макалалардын, ошондой эле башка документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);

9. Кытай Эл Республикасына окууга тапшыргандар үчүн медициналык маалым кат;

10. Үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымат.

Конкурска катышуучулардын жаш курагы боюнча критерийлер:

Арыз берген учурда конкурстук тандоонун катышуучулары:

- «Кытай тил такшалмасы» программасы боюнча – 18 жаштан жогоруу

- «Бакалавр» программасы боюнча – 18 жаштан 25 жашка чейин;

- «Магистратура» программасы боюнча - 35 жашка чейин;

- «Докторанттар» программасы боюнча - 40 жашка чейинкилер болушу керек.

Эскертүү: «Экономика жана менеджмент» адистигине (бакалавр даражасы) кирүүнү пландаштырган талапкерлер математиканын тиешелүү базалык билимине ээ болушу керек; инженердик жана илимий адистигине математика, физика жана химия боюнча тийиштүү негизги билимге ээ болушу керек; медицина адистигине математика, физика, химия жана биология боюнча тийиштүү негизги билимге ээ болушу керек ж.б. Магистратура жана докторантурага тапшыра турган талапкерлердин тиешелүү академиялык билими жана тажрыйбасы болушу керек. Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик Комитети, талапкерлердин окуу башталгандан кийин башка билим берүү мекемесине которулушуна жана кесибинин алмашуусуна жол берилбестигин белгилейт.

1. Министрлик 2020-жылдан тартып талапкерлердин өтүнмөлөрүн жана документтерин электрондук форматта кабыл алат. Талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн платформасында, «Конкурстар» --> «КЭР Өкмөтүнүн стипендиялары» программасына катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди 2021-жылдын 14 февралынын саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Көңүл буруңуз: документтердин толук эмес пакетин камтыган арыздар автоматтык түрдө кабыл алынбайт!

2. Техникалык текшерүү

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктагандан кийин (2021-жылдын 14-февралынын саат 23:59да) бардык берилген өтүнмөлөр талаптарга шайкештиги (бардык зарыл документтердин болушу) текшерилет.

Онлайн системасында ийгиликтүү жана өз убагында каттоодон өтүп, программанын талаптарына ылайык бардык талап кылынган документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноосуна катышууга уруксат берилет (алдын-ала тандоо).

3. Алдын-ала тандоо

Стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Алдын ала тандоону өткөрүү үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн камтыган Уюштуруу комиссиясы түзүлөт. Бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программаларына алдын-ала тандоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

3.1. Кытай тил такшалмасы программасы боюнча билим алуу үчүн:

- Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде окууда жетишкендиги жөнүндө (академиялык) көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо;

- Компьютерлик тестирлөө ;

- Маектешүү.

Көӊүл буруӊуз! Кытай тил такшалмасы программасы боюнча компьютерлик тестирлөөгө катышууну пландаштырган талапкерлер төмөнкү сабактар боюнча тестирлөөдөн өтүшөт: «Кыргызстандын тарыхы» жана «Адам жана коом».

3.2. Бакалавр программасы боюнча билим алуу үчүн:

- Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде окууда жетишкендиги жөнүндө (академиялык) көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо;

- Окуу планы (study plan);

- Компьютерлик тестирлөө;

- Маектешүү.

Көӊүл буруӊуз! Бакалавр программасы боюнча компьютерлик тестирлөөгө катышууну каалаган талапкерлер тандалган окуу багытына жараша тестирлөөдөн өтүшөт:

- Гуманитардык адистиктер - «Кыргызстандын тарыхы» жана «Адам жана коом» сабактары боюнча;

- Техникалык адистиктер - «Математика» жана «физика» сабактары боюнча;

- Медициналык адистиктер - «Химия» жана «биология» сабактары боюнча.

3.3. «Магистратура» жана «докторантура» программалары боюнча билим алуу үчүн:

- Талапкерлер тарабынан берилген документтердин негизинде окууда жетишкендиги жөнүндө (академиялык) көрсөткүчтөрү жана тилди билүү деңгээли боюнча тандоо;

- Изилдөө планы (research proposal);

- Маектешүү.

Эскерте кетүүчү нерсе, алдын-ала тандоонун бетме-бет этабтарына, башкача айтканда, компьютерлик тестирлөөгө жана маектешүүгө катышуу үчүн талапкерлердин жеке катышуусу талап кылынат.

Маектешүү болжолу менен 2020-жылдын 25-февралына чейин уюштурулат.

Эгерде талапкер жеке тандоо этабы учурунда жүйөлүү, объективдүү себептер менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, Уюштуруу комиссиясы бул этаптарды онлайн форматта өтүү мүмкүнчүлүгүн караштыра алат. Ал үчүн талапкер алдын ала Уюштуруу комиссиясынын төрагасына кайрылып, ага онлайн форматта маектешүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен кайрылышы зарыл.

3.4. Сунушталган талапкерлердин тизмесин Кытай тарапка жөнөтүү

Алдын-ала тандоонун натыйжалары боюнча, сунуш кылынган талапкердин тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 28-февралына чейин бул тизмелер кытай тарабына андан ары тандоо үчүн жөнөтүлөт.

Көӊүл буруӊуз! Кытайга окууга жөнөтүлгөн программанын стипендиаттары менен (тил такшылма программасынын стипендиаттарынан тышкары) үч тараптуу Келишим түзүлөт, анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, талапкер өзү жана анын өкүлү / кепили (ата-энеси же жубайы) тараптар болушат. Бул үч тараптуу Келишимге ылайык, стипендиаттар программанын эрежелерин сактап, окуудагы жетишкендиктери жөнүндө өз убагында маалымат берип, ошондой эле окуу мезгили аяктаганда Кыргыз Республикасына кайтып келип жана алган адистиги боюнча Кыргыз Республикасында 2 (эки) жыл иштеп берүүгө милдеттендирилет.

Тэги: Кытай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу