Кытайдагы Tesla коронавирустун айынан «эскирип кеткен»

05.03.2020, 13:00 Акчабар
Кытайдагы Tesla коронавирустун айынан «эскирип кеткен»

Tesla электр унааларынын өндүрүүчүсү Model 3  бюджеттик унаалары менен көйгөйлөрү пайда болгондугун моюнга алды.  Аталган модель Кытайдагы коронавирустун фонунда «эскирген». Кытайлык сатып алуучулар акыркы учурда унаалардын автопилотторундагы чиптерин чынында эле эскирген бойдон сатып алып жатышкан. Бул тууралуу ишкананын билдирүүсүнө таянып,BBCжазып чыкты.

[news 21818]

Ишканадан түшүндүрүшкөндөй, алар бул кадамга жөнөтүүлөр үзгүлтүккө учурап жаткандыгынан улам барууга мажбур болушкан. Алар эскирген моделдерин 3.0 жаңы моделин алары менен акысыз алмаштырып берүүнү убада кылышты.

Teslaнын Шанхайдагы заводу АКШнын аймагынан сырткары курулган алгачкы завод, ал үстүбүздөгү жылдын январь айында ишке кирген. Коронавирустан улам ал айдын аягында жабылып калган, бирок кайра 10-февралда ишин жанданткан.

Шанхайдагы өндүрүштүн ишке кириши өндүрүмдүүлүктү жылына 150 миң даана электр унааларынан 250 миң даанага чейин көбөйтөт деп божомолдонууда.

Teslaнын чет жердеги экинчи заводу Германияда ачылат. Жергиликтүү экологдордун каршы болушуна карабастан, сот унаа өндүрүүчүгө келечекте завод курула турган жердеги токойду кыйууга уруксат берген.  

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу