Эртең Кытайдан 500 кычкылтек концентратору келет

02.07.2020, 14:15 Акчабар
Эртең Кытайдан 500 кычкылтек концентратору келет

Эртең Кытайдан 500 кычкылтек концентратору келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ал учурда пневмония менен ооруп, бирок коронавируска таршырган анализдери таза чыгып жаткан бейтаптардын саны артканын айтып, ага байланыштуу биринчи кезекте кычкылтек концентраторлору зарыл болуп жатканын билдирди.

«Учурда саламаттык сактоо мекемелеринде 572 жасалма дем алдыруучу аппарат, 610 кычкылтек концентратору бар. Биз Бишкек шаарында болгон муктаждык толук жоебуз деп турабыз, эртең саат 10:30да Кыайдан 500 кычкылтек концентратору жана башка майда-чүйдө медициналык керектүү жабдыктар келет. Андан тышкары дагы 500 кычкылтек концентраторуна буйрутма берилди. Алар бир жума ичинде келет. Андан тышкары гуманитардык жардам катары 23 жасалма дем алдыруучу аппаратын, 52 кычкылтек концентраторун, 30 БИПАП-аппаратын, 500 СИПАП-аппаратын алдык. Донорлордун эсебинен 63 дем алдыруучу аппарат, 111 кычкылтек концентраторун сатып алабыз. Алар 15-июлга чейин келип калат деп күтүп жатабыз. Медициналык жабдыктарды сатып алуу үчүн өкмөт тарабынан 50 млн сом бөлүндү», - деди ал.

Тэги: Кытай кычкылтек концентратору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу