Кызыл-Кыяда шифер чыгаруучу жаңы завод ишке кирди

13.08.2020, 13:06 Акчабар
Кызыл-Кыяда шифер чыгаруучу жаңы завод ишке кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Кызыл-Кыя шаарындагы  «Кант ТШП» ЖЧКсы курган шифер заводунун иши менен таанышты.

Заводдун жетекчиси Санжар Капаров өндүрүштүн бир жылдык көлөмү дээрлик 1,1 млрд сомдук 3,7 млн шиферди түзөрүн маалымдады. Ишкана 150 адамды жумуш орду менен камсыз кылат.

Заводго сарпталган инвестициялардын жалпы көлөмү дээрлик 298 миллион сомду түзгөн. Өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген каражаттары тартылган.

Өндүрүлгөн продукциялар Баткен жана Ош облустарынын ички рыногунда сатылат. Келечекте Өзбекстан жана Тажикстанга экспорттоону баштоо пландалууда.

Сооронбай Жээнбеков аты аталган ишканалардын өндүрүшүнүн көлөмүнө ыраазы болуп, бүгүнкү күндө каржы институттардын жеңилдетилген насыялык ресурстарын жер-жерлерге тартуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөндүгүн эске салды.

Мамлекет башчысы ушундай ишкерлердин жигердүү позициясы аркылуу аймактардын социалдык-экономикалык абалы бекемделип, жергиликтүү калк үчүн жумуш орундары түзүлүп, бюджетке түшкөн социалдык төлөмдөр жана салыктар көбөйүп жаткандыгын белгиледи.

Эске салсак, жер-жерлерде өнөр жай потенциалын өнүктүрүүнү колдоо жана көмөк көрсөтүү аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

Тэги: Кызыл-Кыя шифер завод курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу