Казакстан Кыргызстанга болгон авиакаттамдын санын жогорулатат

25.02.2021, 09:50 Акчабар
Казакстан Кыргызстанга болгон авиакаттамдын санын жогорулатат

24-февралдан тарта Казакстан Кыргызстанга болгон Алматы – Бишкек – Алматыавиакаттамынын санын көбөйтөт. Буга чейин жумасына үч рейс болсо, мындан ары беш ирет каттап турмакчы. Мындай чечим Казакстандагы эпидемиологиялык абалдын жакшыра баштаганынан улам кабыл алынды, - деп жазат Nomad.suпорталы.

 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Өзбекстан жана Украинага уча турчу рейстердин саны дагы көбөйтүлөт.

Андан сырткары, Казакстан Түркстандан Стамбулга каттай турчу эл аралык рейстерди дагы ачууда. Казакстандык «‎Эйр Астана»‎ жана  SCAT авиакомпаниялар үчүн рейс жумасына төрт ирет жүргүзүлүп турмакчы.

 

Тэги: Казакстан авиакаттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу