Казакстан менен Кыргызстан өз ара сооданы 1 млрд $ жеткирүүнү пландаштырууда

03.03.2021, 13:30 Акчабар
Казакстан менен Кыргызстан өз ара сооданы 1 млрд $ жеткирүүнү пландаштырууда

2020-жылы Казакстан менен Кыргызстандын биргелешкен соода жүгүртүүсү 796.2 млн долларды түзгөн. Тараптар сооданы 1 млрд долларга чейин жеткирүүнү жана сатылып жаткан товар жана кызматтардын көлөмүн кеңейтүүнү пландашууда. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтүнүн сайтында маалымдалат. 

 

Белгиленгендей, Казакстан Кыргызстандын экономикасына ири инвестор салган өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-жылдан тарта коңшу мамлекет Кыргызстанга 1 млрд долларга жакын инвестиция жумшаган. Казакстанда дээрлик 1.5 миң кыргыз компаниялары иштейт. 

«Казакстандын өкмөтү кыргызстандык кесиптештери менен бирге эки тараптуу маселелерди чечүүгө даяр», — деп бидирген Аскар Мамин жолугушууда.

 

Кошумчалай кетсек, экономикалык кызматташтыкты күчөтүү максатында жакынкы арада өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны пландаштырылды. 

Тэги: Казакстан Кыргызстан экономика инвестор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу