Казакстан Кыргызстанга вертолетторду сатууга даяр

17.03.2021, 11:00 Акчабар
Казакстан Кыргызстанга вертолетторду сатууга даяр

Казакстан Кыргызстанга Airbus үлгүсүндөгү жеңил вертолетторду жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу 15-мартта өткөн экономика жана финансы боюнча вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков менен Казакстандын соода жана интеграция министри менен болгон жолугушууда маалым болду.

 

Басма сөз кызматынан маалымдагандай, Кыргызстанга 200 патрулдук унаа жана 250 автобус келиши мүмкүн. Тараптар эпидемиологиялык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, потенциалды арттыруу жана мамлекет башчылары койгон милдеттерди ишке ашырууну макулдашышты.

Жолугушууда тараптар менен кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешти эки өлкөнүн премьер-министрлери алдында өткөрүү пландалды.

Тэги: вертолет Казакстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу