Казакстан Россия аркылуу мунай ташууну токтотту

12.01.2021, 11:00 Акчабар
Казакстан Россия аркылуу мунай ташууну токтотту

«КазТрансОйл» (КТО) Улуттук мунай түтүктөр тармагы,  Атырау облусуна электр энергия турукташкан соң, «Өзөн-Атырау-Самара»  аркылуу мунай ташууну жандандат. Бул тууралуу компания маалымдады.

 

 

 

«АО KEGOC, АО «Атырау Жарыкка» электр энергияны берүү токтотулгандан кийин, 10-11-январда «Атырау – Самара» аймагына «Өзөн-Атырау-Самара»  магистралдык мунай түтүгү аркылуу мунай жеткирүү токтотулган», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

 

Андан сырткары, азыркы учурда «Өзөн-Атырау-Самара»  магистралдык мунай түтүгүнүн альтернативдүү жолу иштелип жатат. Электр энергия жеткиликтүү болгон соң, мунайды жеткизүү кайрадан жанданат.

 

«Атырау – Самара» муна түтүгү Казакстан мунайын экспорттоо боюнча көлөмү жагынан экинчи орунда турат.

 

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы «Атырау – Самара» мунай түтүгү аркылуу 13.3 млн тонна казакстандык мунай эспорттолгон.

Тэги: мунай Казакстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу