COVID-19: республика боюнча тогуз лаборатория иштеп жатат

01.05.2020, 11:30 Акчабар
COVID-19: республика боюнча тогуз лаборатория иштеп жатат

Бүгүнкү күндө республика боюнча тогуз лаборатория иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча тогуз лаборатория иштеп жатат, анын үчөө мобилдик лаборатория болуп эсептелет.

«Лабораторияларда 30дан ашык медициналык кызматкерлер иш алып барууда. Бүгүнкү күндө коронавируска шектүү, алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды көзөмөлгө алуу маселеси, аларды толук кандуу изилдөө жана анализдерин тактоо боюнча иштер улантылып жатат»,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756га жетти. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Тэги: лаборатория Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу