Өлкөдө кепилденген депозиттердин суммасы 52,6 млрд сомду түздү

08.06.2023, 13:47 Акчабар
Өлкөдө кепилденген депозиттердин суммасы 52,6 млрд сомду түздү

Быйыл 1-апрелге карата Кыргызстанда кепилденген депозиттердин (аманаттардын) суммасы 52,6 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Маалыматка ылайык, депозиттерди коргоо системасы тарабынан кепилденген аманатчылардын саны 2023-жылдын 1-апрелине карата 5 млн. 643 миң 660ты түздү.

"Ушул жылдын 1- апрелине карата депозиттерди коргоо сисемасынын катышуучуларынын отчету боюнча, системанын катышуучуларынын депозиттик базасынын көлөмү 360,5 млрд. сомго жетти", - деди Кадырбек Букуев. 

Башкача айтканда, бул көлөмдүн (360,5 млрд. сом) 14%га жакыны (52,6 млрд. сом) кепилденген депозиттер. 

"2023-жылдын биринчи кварталында катышуучу-банктардын депозиттеринин көпчүлүгү Бишкек шаарында топтолгон, жалпы депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын депозиттеринин 82,3% түзгөн. Калганы республиканын аймактарында топтолгон", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 1-июнга карата депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 4 млрд. 947,1 млн сомду түзгөн. Бул каражаттар аманатчылардын депозиттик эсеби болгон финансы-кредит мекемеси банкрот болгон учурда аларга компенсация төлөп берүүгө жумшалат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу