Ушул жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда расмий түрдө жумушсуз деп катталгандардын саны 96 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу көрсөткүч 4%га төмөндөдү.
“Жумушсуздардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарына туура келет. Эң азы Ош шаарында жана Талас, Нарын облустарында”, - деп айтылат маалыматта.