Жыл аягында ИДПнын реалдуу өсүшү 3,4%ды түзүшү мүмкүн

10.03.2023, 13:00 Акчабар
Жыл аягында ИДПнын реалдуу өсүшү 3,4%ды түзүшү мүмкүн

Быйыл Кыргызстандын экономикасынын реалдуу секторунун өсүшү орточо көрсөткүчтөн төмөн болот. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын аягына карата ИДПнын реалдуу өсүшү болжол менен 3,4%ды, “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 3,6%га жакын болот. 

“Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканада өндүрүштүн өсүшү 2022-жылдагы өндүрүштөн ашпайт.

Учурдагы болжолдогон экономикалык өсүш айыл чарбасы, өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактары тарабынан колдоого алынган.

“Кийинки 2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи болжол менен 3,8% деңгээлинде белгиленет. Бул “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо 4%га жакын”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу