Өлкөдөгү медициналык мекемелер үчүн MegaCom'дон кислород жабдыктары

12.07.2020, 13:45 Акчабар
Өлкөдөгү медициналык мекемелер үчүн MegaCom'дон кислород жабдыктары

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы ооруканаларга жана стационардык мекемелерге дем алдыруучу 50 кычкылтек аппаратын берди.

11-июлдун алдында компаниянын жетекчилери жабдыктарды Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы медициналык мекемелерге өз колу менен өткөрүп беришкен. Ал эми бүгүн, 12-июлда дем алдыруучу аппараттарды өлкөнүн түштүк аймагындагы оорукана жана стационарлар алышты.

«Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов жабдыктарды тапшырып жатып, республиканын медицина кызматкерлерине бекем ден соолук, күч жана чыдамкайлыкты каалап, кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга эбегейсиз күч жумшап жаткандары үчүн ыраазычылык билдирди.

Дем алдыруучу аппараттар MegaCom компаниясынын кеңсесине 10-июлда алып келинип, макулдашылган тизмеге ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарындагы, ошондой эле республиканын коронавирус инфекциясына кабылып, пневмония дарты менен жабыркаган жарандарын ооруканадан сырткары дарылап жаткан, концентрат коюуга көбүрөөк муктаж болгон облустарына жеткирилди.

Дем алдыруучу кычкылтек аппаратына өтө муктаж болгон мекемелердин тизмеси MegaCom компаниясынын аймактык бөлүмдөрү жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгына жараша түзүлгөн.

«Кыргызстандагы медициналык мекемелерге дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу жана таратуу - биздин компаниянын COVID-19 менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын жана калкты колдоого багытталган актуалдуу демилгелеринин бири. Биз бул аппараттар кимдир бирөөлөрдүн өмүрүн сактап калууга жардамы тиерин түшүнөбүз, ошондуктан социалдык жооптуу мекеме катары мекендештерибиздин ден соолугун коргоого салымыбызды кошууга аракеттенүүдөбүз»,- деп белгиледи «Альфа Телеком» ЖАКнын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Буга чейин MegaCom компаниясы радио жана ТВ тармагына жарнама жайгаштыруудан убактылуу баш тартып, үнөмдөлгөн каражатка коронавирус инфекциясы жана пневмония менен жабыркагандарды дарылоо үчүн зарыл болгон дары дармектерди жана медициналык жабдыктарды сатып алууга жумшоо чечимин кабыл алган. Ошондой эле «Альфа Телеком» ЖАКсы COVID-19 менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин «Ден соолук»тарифтик планынын алкагындагы акысыз байланышка кошуу багытында активдүү иш алып барып жатат.

MegaCom бизнес коомчулугун өлкөдөгү оор кырдаалда мекендештерибизге, саламаттыкты сактоо тармагына активдүү жардам көрсөтүүгө чакырат.

Тэги: MegaCom помощь дыхательные аппараты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу