Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өз кардарларын тобокелдик критерийлерине ылайык классификациялоого милдеттүү. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн 2018-жылдын 25-декабрындагы токтому менен бекитилген Кардарга тиешелүү экспертизаны жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктуна ылайык, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кардарларын тобокелдик критерийлерине ылайык классификациялоого милдеттүү: жогорку жана төмөн.
“Ушуга байланыштуу ломбарддар, камсыздандыруу брокерлери, камсыздандыруу уюмдары, кайра камсыздандыруу уюмдары, топтоо пенсиялык фонддору жана баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары практикалык колдонуу үчүн бул буйрукту жетекчиликке алышы керек”, - деп белгилейт аталган кызмат.