Май айында 1 миң кыргызстандыкты мекенге алып келүү пландалууда

12.05.2020, 14:50 Акчабар
Май айында 1 миң кыргызстандыкты мекенге алып келүү пландалууда

Кыргыз жарандарын алып келүү маселеси республикалык штаб менен макулдашылган график боюнча иштелип жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, жакынкы жумаларда 1 миңге жакын кыргызстандыкты алып келүү пландалууда.

«Катардан – 36, Кувейттен – 105, Ирандан – 16, Франкфурттан – 58, Стамбулдан – 149, Москвадан – 402, Түштүк Кореядан – 35, Япониядан – 30, Беларустан 37 кыргызстандык алынып келет. 12-майга карата чет жактагы элчиликтерге жана Тышкы иштер министрлигине дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 8 миң 712 жараныбыз кайрылган», - деди ал.

Айдарбеков билдиргендей, Тышкы иштер министрлиги көп кыйынчылыктарга туш болуп жатканына карабай күнү-түнү иштеп жатат.

«Ушундай оор шартта жалган маалыматтарды жана жеке пиар акцияларды уюштуруу жүрүп жатат. Кандай болгон күндө да биздин негизги максатыбыз жарандарыбызды өлкөгө алып келүү», - деди Айдарбеков.

Тэги: жарандар республикалык штаб график

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу