Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди

23.01.2023, 17:15 Акчабар
Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди

Майлуу-Суу шаарында №3 отказан ишке киргизилди, бирок таза суу маселеси чечиле элек. Бул тууралуу “Акчабарга” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын билдиришти. 

Маалыматка ылайык, казандын ишин жандантуу үчүн Майлуу-Суу дарыясына 500 метр узундуктагы желим түтүктү тартып, жерине суу соргуч орнотулду. Муну менен №3 отказанга тиешелүү 375 абонентке жылуулук берүү мүмкүн болду. Учурда жылуулук турак жайларга келе баштады. 

“Учурда Майлуу-Суудагы кырдаалдын кесепетин жоюу максатында №1 отказанда 1234 абоненттин ичинен 1136 абенентке жылуу суу берилди. №4 отказан боюнча 198 абонентке толугу менен берилди. Ал эми №3 отказанда 376 абонент болсо, анын 88ине жылуу суу берилди. Таза суу боюнча суу алуучу негизги жерден (Водозабор) шаарга чейин 15 чакырым болсо, учурда таза суу 10-чакырымга келди”,- деди ӨКМдин Жалал Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров. 

Анын айтымында, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Майлуу-Сууга гуманитардык жардам жеткирилген. Учурда 508 үйгө гумжардам таратылды. 

Эске салсак, 12-январда Майлуу-Сууда калкты таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган. 

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу