Республика боюнча баанын максималдуу өсүшү Талас облусунда катталган

14.05.2020, 09:32 Акчабар
Республика боюнча баанын максималдуу өсүшү Талас облусунда катталган

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-апрель айларында 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу керектөөчү товар жана тарифтерге болгон баа республика боюнча 5% жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Баанын өсүшү тамак-аш азыктары жана алкоголсуз ичимдикке болгон баанын - 10.1%, алкогол жана тамекинин - 5.2%, кызматтардын - 0.1% кымбатташы менен шартталган. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында, өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарларга болгон баа 0.2% төмөндөгөн. 

Керектөөчү товар жана тарифтерге болгон баанын өсүшү республика боюнча катталган. Муну менен катар Талас облусунда баа 7.1% кымбаттап, максималдуу көрсөткүчтү берген. 

 

 

Тэги: продовольственные цены тарифы деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу