Мамлекеттик каттоо кызматы мамбюджетке 70 млн сомго жакын акча которгон

21.01.2021, 11:45 Акчабар
Мамлекеттик каттоо кызматы мамбюджетке 70 млн сомго жакын акча которгон

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» МИси 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз мамлекеттик номерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 млн сомго жакын сумманы которгон. Өлкөнүн бюджетине өзгөчө айкалыштагы мамлекеттик номер белгилерин сатуудан 91% жана аталыштагы мамномерлер үчүн 100% сумма которулат.

 

 

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.

Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер, 348 201 номер МККга караштуу «Унаа» мекемеси үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары таркатуу үчүн даярдалып берилген.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын 1-июнунан тартып «Инфоком» МИсинин Транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борбору автомототранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин өндүрүүгө киришкен. Мурда мамномерлерди даярдоо менен менчик компания алектенип келген, кирешенин негизги бөлүгү анын өз эсебине түшүп турган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу