2019 - жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду бюджетке 2,4 млрд сом төккөн

31.01.2020, 17:30 Акчабар
2019 - жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду бюджетке 2,4 млрд сом төккөн

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды.

Жолугушууда, ММБФ төрагасы Жылдызбек Исакулов системаны автоматташтыруу боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2019 - жылы ижарага берилген 10,5 миң мамлекеттик мүлк объектисин көрсөтүүчү электрондук реестр иштелип чыккан. 2020-жылы сатып алуулар боюнча электрондук онлайн аукционду киргизүү жана дагы 1261 акционердик коомдорду инвентаризациялоо пландалууда.

 2019-жылы электрондук сатуу жана электрондук аукцион киргизилип, сатылган мамлекеттик мүлктүн суммасы биринчи жолу 191 млн сомго жеткен. Өткөн жылы ведомство бюджетке 2,4 млрд сом түшүргөн. 

2019 - жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиардды түзгөн.

 

 

Тэги: мамлекет мүлктү башкаруу фонду бюджет киреше млрд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу