Мамлекетке таандык 31 пансионат бар

04.02.2020, 12:30 Акчабар
Мамлекетке таандык 31 пансионат бар

Өлкө боюнча мамлекетке таандык 31 пансионат бар. Бул тууралуу  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов билдирди.

Алардын үчөө – «Алтын кум», «Рохат» жана «Дилором» пансионаттары «Мүлк» мамлекеттик ишканасынын карамагында турат. Калган пансионаттар башка министрлик жана мамлекеттик органдарга таандык.

«Аталган үч пансионатта имараттардын абалы начар. Алардын жетекчилеринин айтымында, ал имараттар аларга ошондой абалда калган. Мындан улам аларга инвестиция талап кылынат. Ал ишканалар жылына бюджетке дээрлик 3 млн сом киреше алып келет», - деди ал.

Ал белгилегендей, бул ишти талдап чыгып, алдыда үч пансионатты ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө берүүнү пландап жатышат.

«Бул маселе боюнча Экономика министрлиги менен иштеп жатабыз. Бирок азырынча ишеним башкарууга же жеке-мамлекеттик өнөктөштүккө өткөрүүнүн механизмдери жок. Бул маселе иштелип чыккандан кийин, ал объекттер инвесторлорго берилиши мүмкүн», - деди ал.

 

 

Тэги: мамлекет 31 пансионат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу