Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 5.5 млрд сомго кыскарган

26.02.2020, 11:40 Акчабар
Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 5.5 млрд сомго кыскарган

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин дефицити 2018-жылга салыштырмалуу 5 млрд 599.8 млн сомго азайган. Бул тууралуу «Акчабарга» республиканын финансы министрлигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 2018-жылы бюджеттин дефицити 7 млрд сомго жакын болгон. 

2019-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин тартыштыгы 432 млн 307.7 миң сомду түзгөн. 

Эксперт билдиргендей, бюджеттин дефицитин ички булактар аркылуу каржылоо каралат:

 

         - мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешелер;

         - КР өкмөтүнүн эсебинен калган;

         - мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн;

        - бюджеттик насыяларды кайтаруу. 

Финансы министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2019-жылы 9 млрд 289,2 млн сомго дефицит жабылган, анын ичинен ички булактар аркылуу каржылоо - 6 млрд 344.2 млн сомду түзгөн. 

 

Тэги: мамлекеттик бюджет дефицит тартыштык каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу