Салык кызматы чек арадан мыйзамсыз ташып кирүүлөргө бөгөт койду

05.02.2020, 09:20 Акчабар
Салык кызматы чек арадан мыйзамсыз ташып кирүүлөргө бөгөт койду

Мамлекеттик салык кызматы аткезчилик жолу менен алынып келген бир катар товарларды аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарга жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан Кыргызстандын аймагына анкердик жабдууларды, тамеки буюмдарын, күйүүчү май жана азыктарды жана башка товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду.

Алсак, «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 9,9 млн сом суммасында 48 тонна муфтасы бар анкердик жабдууларын (анкерная тяга с муфтой), 20 тонна пияз, 30 тонна ун, 40 тонна гречка, 360 миң сомдон ашык суммадагы жасалма газон, 300 миң сомго поролон алып бара жаткан унаалар кармалган.

«Чалдыбар автожолу» контролдук-өткөрмө пунктунан 80 тонна буудай, 8340 даана тамеки буюмдарын (электрондук сигареттер) жана 1 тонна күйүүчү майды алып өтүүгө аракет жасашкан.

«Ак-Жол» контролдук-өткөрмө пунктунан 100 коробка кореялык макарон жана 540 литр күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган автоунаалардын айдоочулары кармалган.

«Чон-Капка» контролдук-өткөрмө пунктунан 1,8 млн сом суммасында түтүктү (суу полиэтилени) ташып киргизүүгө бөгөт коюлган.

Бардык импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Тэги: мамлекеттик чек ара салык кызматы Аткезчилик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу