2019-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 18,9 миллиард сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 10,6 миллиард, ички карыз боюнча — 8,3 миллиард сом жумшалды.
31-августка карата өлкөнүн тышкы, ички карызы 4 миллиард 469,22 миллионАКШ долларын түздү, анын ичинен:
- мамлекеттик тышкы карыз — 3 миллиард 761,91 миллион АКШ доллары,
- мамлекеттик ички карыз — 707,32 миллион АКШ доллары.